Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Италиянын тышкы иштер министри Луиджи Ди Майо менен формалдуу эмес жолугушуу өткөрдү

23-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын аянтчасында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Италиянын тышкы иштер министри Луиджи Ди Майо менен формалдуу эмес жолугушуу өткөрдү.

Тараптар жогорку деңгээлдеги сапарлар менен алмашуу пландарын талкуулашты. Министр Р.Казакбаев кесиптешин 5-ноябрда Бишкекте өтө турган «ЕБ-БA» Биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды.

Кыргызстандын Италиядагы Элчилигинин ачылышы оң маанайда белгиленди.

Тараптардын делегациясынын быйыл өтүүчү «Борбордук Азия - Италия» министрлеринин жолугушуусуна катышуу пландары талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK