Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаментинин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үчүн мамлекеттик протокол боюнча лекция өттү

2021-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаментинин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үчүн мамлекеттик протокол боюнча лекция өттү.

Көрсөтүлгөн лекция Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында өттү. Окуунун жүрүшүндө  дипломаттар эл аралык иш-чаралардын уюштуруучулук жана протоколдук учурлары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик протоколунун улуттук өзгөчөлүктөрү жана дипломатиялык этикеттин татаалдыгы боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол департаменти келечекте Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун башка өкүлдөрү үчүн да ушундай окутууну өткөрүүгө ниеттенүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK