Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Бурса аймагынын губернатору Якуп Джанболат менен жолугушту

2021-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Бурса аймагынын губернатору Якуп Джанболат менен жолугушту. Тараптар эки өлкөнүн региондорунун кызматташуусу, ошондой эле Бурса аймагында жүргөн кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Кубанычбек Өмүралиев Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы башкы консулу Лира Сыдыкованы жана жаңы дайындалган Кыргыз Республикасынын Бурса аймагындагы Ардактуу консулу Билал Тутушту тааныштырды.

Иш сапарынын жүрүшүндө Элчи К.Өмүралиев Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ менен жолугушту. Жолугушууда Элчи мэрди 2022-жылы Бурсанын түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болуп тандалышы менен куттуктады.

Өнүгүүнүн жана эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуунун алкагында тараптар Бурса шаары менен Кыргызстандын шаарларынын биринин ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү зарылдыгын белгилешти. Бир туугандык байланыштарды чыңдоо үчүн Бурса шаарында парк ачуу боюнча келишимге жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK