Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Бурсанын Соода жана өнөр жай палатасынын Башкаруу кеңешинин жетекчилиги, мүчөлөрү жана ишкерлери менен жолугушту

2021-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Бурсанын Соода жана өнөр жай палатасынын Башкаруу кеңешинин жетекчилиги жана мүчөлөрү, ошондой эле ишкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда К.Өмүралиев Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана климат, бизнес жүргүзүү шарттары (либералдуу салыктар, бизнес жүргүзүүгө кеткен чыгымдар ж.б.), макроэкономикалык көрсөткүчтөр, Кыргызстандын тышкы соодасы, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчөлүгү жана Европа биримдигинин Жалпы преференциялар системасы (ЖПС+) туралуу презентация тартуулады. Ошондой эле ишкерлерди кызыктырган суроолорго жооптор берилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK