Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин демилгеси менен Москва шаарында эмгектенип жаткан мекендештердин балдары үчүн кезектеги экскурсия уюштурулду

2021-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин демилгеси менен «Мен Москвада жүрөм» гуманитардык долбоорунун алкагында Москва шаарында эмгектенип жаткан мекендештердин балдары үчүн кезектеги экскурсия уюштурулду.

Бул жолкусунда 10 жаштан 14 жашка чейинки 15 баладан турган топ 1924-жылы түзүлгөн дүйнөдөгү эң эски авиация музейлеринин бири – Россиянын ДОСААФынын Борбордук авиация жана космонавтика үйүндө болушту.

Экскурсиянын жүрүшүндө балдар дүйнөлүк деңгээлдеги уникалдуу экспонаттарды: алгачкы учуучу аппараттардын макеттери, жердин биринчи спутниги, «Восток» учуучу аппараты, «Буран» окуу стенди, биринчи космонавт ит Лайканын контейнери, космонавттарды даярдоо костюмдарын көрүү, ошондой эле авиациянын жаралышы, легендарлуу учкучтар жана алгачкы космоско баруучулар жөнүндөгү кызыктуу аңгемелерди угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK