Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2021-жылдын 23-ноябрындагы маалыматтык билдирүүсү

Элчилик 2021-жылдын 18-ноябрында Москва шаарында Кыргызстандын саясий партиясынын тарапкерлери кармалганы тууралуу массалык маалымат каражаттарында тарап жаткан окуяга байланыштуу төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Элчиликтин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандарынын кармалышынын жагдайларын тактоо үчүн Москва полициясынын өкүлдөрү менен байланышты.

Элчиликтин юристи Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоону камсыздоо алкагында Москва шаарынын Свиблово районундагы Россиянын Ички иштер министрлигинин бөлүмүнө барып, Кыргызстандыктардын кармалышы боюнча расмий кайрылуу жолдоду.

Жалпысынан полиция бөлүмүнө 21 жаран жеткирилген, анын ичинен 18и Кыргыз Республикасынын жараны, ал эми 3ү Россия Федерациясынын жараны.

Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкүдөй административдик жоопкерчиликке тартылды:

  • жашоону камсыз кылуучу объекттердин, транспорттун же социалдык инфраструктуранын, коммуникациялардын иштешине, жөө адамдардын жана (же) транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө же жарандардын турак жайга же транспортко кирүүсүнө жолтоо болгон уруксат берилбеген чогулушка, митингге, демонстрацияга, жүрүшкө же пикетке катышкандыгы үчүн ( Россия Федерациясынын Административдик укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 20.2-беренесинин 6.1-бөлүгү);
  • Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн.

Элчилик Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жарандарын Россиянын мыйзамдарын так сактоого чакырат.

Россия Федерациясынын 2021-жылдын 11-июлундагы № 95-ФЗ «Саясий партиялар жөнүндө» Федералдык Мыйзамынын 9-беренесинин 6-пунктуна ылайык, өзгөчө көңүл бурулат:

«Россия Федерациясынын аймагында чет мамлекеттердин саясий партияларын жана бул партиялардын түзүмдүк бөлүмдөрүн түзүүгө жана ишмердүүлүгүнө жол берилбейт».

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK