Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчиси Ибрагим Жунусов «Жаңы Өзбекстандын тышкы саясаты: динамикасы, жетишкендиктери жана келечеги» аттуу тегерек столго катышты

2021-жылдын 9-декабрында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилеринин «Амирсой» лыжа базасына болгон иш сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган «Жаңы Өзбекстандын тышкы саясаты: динамикасы, жетишкендиктери жана келечеги» аттуу тегерек столго катышты.

Тегерек столдун катышуучуларына кайрылып жатып, Элчи И.Жунусов Кыргызстандын Өзбекстан менен ортосундагы кызматташтыктын азыркы абалын жана саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кыргыз-өзбек өз ара аракеттенүүсүн мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин белгиледи.

Элчи ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын Президенттеринин биргелешкен аракеттеринин жана саясий эркинин аркасында эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерде жаңы барак ачылганын, ал эми мамлекеттер ортосундагы саясий байланыштар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы ар тараптуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого толук кызмат кылып жатканын баса белгиледи.

Тегерек столго катышуусунун алкагында Элчи бак-дарактарды отургузууга да катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK