Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2021-жылдын 22-декабрындагы маалыматтык билдирүүсү
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине келип түшкөн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын маалыматына ылайык, 2021-жылдын 11-декабрында Пакистан Ислам Республикасынын жараны Бишкек шаарынын Л.Толстой көчөсүндөгү темир жолдон тепловоз сүзүп кетип, каза болгон.
Соттук-медициналык иликтөө иштеринин, тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө, каза болгон - Рамзан Мухаммед Кыргыз Эл аралык университетинин караштуу Эл аралык медицина мектебинин 2-курсунун студенти болгону аныкталган.
Бул факт Бишкек шаарынын Биринчи май райондук Ички иштер бөлүмүндө катталып, азыркы учурда тийиштүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Аталган маселе Министрликтин көзөмөлүндө.