Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын тышкы саясий ведомстволорунун башчылары Руслан Казакбаев менен Ван И дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо каттары менен алмашышты

2022-жылдын 5-январында Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын тышкы саясий ведомстволорунун башчылары Руслан Казакбаев менен Ван И дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо каттары менен алмашышты.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин куттуктоосунда төмөнкүлөр белгиленген: 

«Сизге жана Сиз аркылуу Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жалпы жамаатына Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнүн 30 жылдыгына байланыштуу эң жылуу куттуктоолорумду жана каалоолорумду билдирүү мага чоң кубаныч тартуулайт.

Өткөн 30 жылдын ичинде салттуу достук, ынак коңшулук жана өз ара колдоо принциптерине негизделген кыргыз-кытай мамилелери эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун биргелешкен тарыхый коммюникесинен тартып ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү жөнүндө биргелешкен декларацияга чейин өнүгүү жолун басып өттү. 

Бүгүн Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелер динамикалуу өнүгүп жаткандыгы кубандырат, алар эки тараптуу деңгээлде да, көп тараптуу өз ара аракеттенүү алкагында да өз ара кызыгууну жараткан маселелер боюнча эки өлкөнүн саясий диалогу өз ара ишениминин жана натыйжалуу кызматташуусунун түзүлгөндүгү менен тастыкталат.

Сиз менен бирге, Улуу Мартабалуу, эки өлкөнүн ортосунда жетишкен макулдашууларды кылдаттык менен иш жүзүнө ашырууга, саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, логистикалык, экологиялык, энергетикалык, саламаттыкты сактоо, маданий, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө, анын ичинде COVID-19 пандемиясынын кесепетин жеңүүдө салттуу коңшулук жана өнөктөштүк рухунда күч-аракет жумшоого даяр экендигимди билдирем.

Учурдан пайдаланып, Сизге, урматтуу Министр мырза, чын дилимден бекем ден соолук, дос мамиледеги кытай элинин бакубатчылыгын, тынчтыгын жана гүлдөп-өсүшүн камсыздоого багытталган кесиптик ишмердүүлүгүңүздө мындан аркы ийгиликтерди каалайм». 

Өз кезегинде, Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван Инин куттуктоо катында мындай деп белгиленет: 

«Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана Кыргызстандын тышкы иштер министрлигиндеги кесиптештерге чын жүрөктөн куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду айтам.

Дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки 30 жыл аралыгында эки өлкөнүн лидерлеринин стратегиялык жетекчилигинин аркасында кытай-кыргыз мамилелери чоң өнүгүүгө жетишти. Эки өлкөнүн ортосунда жогорку деңгээлдеги интенсивдүү байланыштар жүрүп, саясий өз ара ишеним үзгүлтүксүз тереңдеп, практикалык кызматташтык жемиштүү ишке ашырылууда. Эки тарап тең алардын негизги кызыкчылыктарына тиешелүү маселелерде бири-бирин бекем колдоп, жаңы типтеги эл аралык мамилелерди түзүүгө жана адамзаттын жалпы тагдырынын коомчулугун курууга маанилүү салым кошкон жана кошуп жаткан эл аралык жана аймактык иштерде тыгыз координацияны жана өз ара аракеттенүүнү колдошот.

Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдык мааракесин белгилөө менен пайдаланып, жаңы өнүгүүлөргө жана кытай-кыргыз мамилелеринде жаңы ийгиликтерге жетишүү үчүн эки өлкөнүн лидерлери жетишкен маанилүү макулдашууларды толук ишке ашыруу үчүн Сиз менен биргелекте күч-аракеттерди жумшоого даярмын. 

Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы салттуу достуктун мындан ары да чыңдалышын жана өнүгүшүн каалайм».

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK