Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2022-жылдын 7-январына карата маалыматтык билдирүүсү

Казакстан Республикасында акыркы кезде болуп жаткан окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет.

2022-жылдын 7-январынан баштап кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасындагы «Кен-Булун-автодорожный», «Токмок-автодорожный», «Ак-Жол» жана «Ак-Тилек» көзөмөлдөө-өткөрмө пункттары адамдарды жана транспортту өткөрүүнү токтотууда.

Казакстан Республикасынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандары Чүй облусундагы "Чалдыбар" жана Талас облусундагы "Чон-Капка" өткөрмө пункттары аркылуу гана мекенине өтө алышат.

Транзиттик жол менен келе жаткан Кыргызстандын жарандарынын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын Казакстандын аймагы аркылуу өтүүсү да токтотулду.

Ушуга байланыштуу Министрлик Казакстандын аймагында жайгашкан мекендештерибизди өлкөдө туруунун мыйзамдарын жана эрежелерин туура сактоо менен, жашаган жеринен алыс чыкпай, Кыргызстанга барууну токтото турууга, ошондой эле ар кандай чагымчылдыкка алдырбай, чыр-чатактуу окуяларга катышпоого, адамдар көп чогулган жерлерге барбай, дагы бир ирет чакырат.

Казакстандын аймагында жайгашкан, айрыкча Алматы шаарынын аймагында жашаган жарандарыбыз төмөнкү телефон номерелери аркылуу КРнын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу менен үзгүлтүксүз байланышта болууну сунуштайт:

+7 777 8150072 Кайрат Жакыпов

+7 777 0371448 Гульзат Абдурасулова

+7 777 0275596 Жаркынай Сансызбаева

+7 775 4634295 Медер Сапаралиев.

Ошондой эле консулдук-укуктук мүнөздөгү маселелер боюнча кеңеш алуу, кайрылуулар үчүн КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаментинде, Кыргызстандын Казакстандагы Элчилигинде ыкчам байланыш телефондору иштеп жаткандыгын эскертебиз.

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти:

+996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери

+996 555 007 626

+996 708 52 21 37

+996 707 989 895

+996 709 983 465;

КРнын Нур-Султан шаарындагы Элчилиги

+7 (776) 124-88-33

+7 777 4733009.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK