Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин 2022-жылдын 11-январына карата маалыматтык билдирүүсү

КРнын Тышкы иштер министрлиги Казакстан Республикасындагы массалык баш аламандыктарга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар шартында КРнын жарандарына жардам көрсөтүү боюнча маалыматты тез арада коомчулукка жеткирүү максатында төмөндөгүлөрдү билдирет.

Казакстан-кыргыз мамлекеттик чек арадан өтүүлөр чектелгендиктен Казакстанда баш аламандыктар учурунда каза болгон КРнын жараны А.Мусаевдин энеси КРнын жараны С.Иманходжаевага казакстан тарабы менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Казакстандын аймагына кирүүгө уруксат алынды.

КРнын жараны С.Иманходжаевага маалымат жеткирилди, жана эртең 2022-жылдын 12-январында Казакстан Республикасына чыгуусу пландалууда.

Казакстан Республикасындагы акыркы окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы мекендештерди жашаган өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин сактоого, чагымчыл аракеттерге алдырбоого, саясий окуяларга катышпоого, эл көп чогулган жерлерге барбастан, өз жашаган ордунда калууга чакырат.

Министрлик консулдук-укуктук мүнөздөгү маселелер боюнча Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары, өзгөчө Алматы облусунда жашаган жарандар Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугуна байланышуу зарылдыгын эскертет:

КРнын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу

+7 777 8150072 Кайрат Жакыпов

+7 777 0371448 Гульзат Абдурасулова

+7 777 0275596 Жаркынай Сансызбаева

+7 775 4634295 Медер Сапаралиев.

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти

+996 551 312 000 - ыкчам тел номери

+996 555 007 626

+996 708 52 21 37

+996 707 989-895

+996 709 983 465;

Нур-Султан шаарындагы Элчилик

+7 (776) 124-88-33

+7 777 4733009.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK