Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2022-жылдын 31-январына карата маалыматтык билдирүүсү

2022-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан, Эл аралык Кызыл Крест уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Элчилигинин көмөгү менен мурдагы Кыргызстандын жараны Б.Ю. БАЭнан мекенине кайтарылды.

Б.Ю. 2021-жылдын январында Бириккен Араб Эмираттарынын полициясы тарабынан жергиликтүү миграция мыйзамын бузгандыгы үчүн кармалып, депортациялоо чечими менен, чет өлкөлүктөрдүн убактылуу кармоочу жайында камалып жаткан.

Б.Ю. буга чейин Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгына байланыштуу, Кыргызстанга кайтуу үчүн расмий жолго чыгуу документи жок болгон.

Министрлик, Б.Ю.ну мекенине кайтарууга көмөктөшкөндүгү үчүн Эл аралык Кызыл Крест уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө ыраазычылык билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK