“Бишкек-Жидда” багыты боюнча биринчи чартердик каттамды аткаруу пландаштырууда

2014-жылдын 2-декабрында Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Сауд Араб Падышалыгынын өкмөттөрүнүн ортосундагы аба байланышы жөнүндө макулдашуунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан аба каттамдарынын географиясын кеңейтүү жана Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын өнүктүрүү максатында жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгында, 2022-жылдын 6-февралында «Эйр Манас» ата мекендик авиакомпаниясы “Бишкек-Жидда” багыты боюнча биринчи чартердик каттамды аткарууну пландаштырууда.

Каттам жумасына бир жолу (жекшемби күндөрү) аткарылат, андан ары каттамдардын санын жумасына 4-кө чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү менен. Ош жана Жидда шаарларындагы аэропорттордун каттоо системаларын интеграциялоо иштери аяктагандан кийин «Эйр Манас» авиакомпаниясы “Ош-Жидда” багыты боюнча да аба каттамдарын ачууну пландоодо.

Кошумча маалымат алуу үчүн “Эйр Манас” авиакомпаниясынын кеңселерине кайрылуу зарыл.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK