КР ТИМинин 2022-жылдын 11-мартына карата маалыматтык билдирүүсү

Социалдык тармактарда жана ЖМКда Амурдагы газды кайра иштетүүчү заводдун (ГИЗ) курулуш объектинде Кыргызстан менен кошуна мамлекеттердин биринин жарандарынын арасында массалык мушташы тууралуу маалымат тараганына байланыштуу, Министрлик төмөнкүлөрдү билдирет.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2022-жылдын 8-9-мартында Амур ГИЗинин курулушун аткарган компаниялардын “вахта” шаарчасында Кыргызстан жана кошуна мамлекеттердин биринен келген жарандардын ортосунда мушташ чыккан. Мунун себеби - ашканадагы чыр-чатак болгон. Кыргыз Республикасынын жабыркаган жарандарынын ооруканага түшүшү боюнча маалымат түшкөн жок.

Бул окуянын чоо-жайын тактоо жана жабыркагандардын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын бар же жоктугун тастыктоо үчүн, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Владивосток шаарындагы Кеңсеси укук коргоо органдарына сурама кат жөнөттү.

Министрлик бул маселени өз көзөмөлүндө кармап турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK