Кыргызстандын Азербайжандагы Элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжандын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова менен жолугушту

2022-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.Осмоналиев Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин (Парламентинин) Төрайымы С.Гафарова менен жолугушту.

Элчи кыргыз тарабынын Азербайжан менен жогорку деңгээлдеги саясий диалогдун натыйжасында жетишилген достук мамилелерге жана парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

Ошондой эле Баку шаарында Чыңгыз Айтматовдун элесин түбөлүккө калтырууга, жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы түз аба каттамдарын калыбына келтирүүгө Милли Межлистен көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Өз кезегинде Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы С.Гафарова Элчиликтин бардык демилгелерин колдорун билдирди жана боордош өлкөлөрдүн парламенттер аралык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун, эл аралык уюмдарда, анын ичинде Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясында (ТүркПА), өз ара аракеттенүүнүн жана колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK