КР ТИМинин 2022-жылдын 12-апрелине карата маалыматтык билдирүүсү

Жалпыга маалымдоо каражаттарында чыгып жаткан «Санкт-Петербургдагы кыргызстандыктар башка мигранттарга кол салып, тоноп кетишкен» деген маалыматка байланыштуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы Канцеляриясы төмөндөгүлөрдү билдирет.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2022-жылдын 11-апрелинде Санкт-Петербург шаарынын Выборгский районунда Кыргыз Республикасынын 2 жараны Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренеси (каракчылык) менен каралган кылмыш ишин жасап, бир топ адам менен биргеликте өз мекендештерине каракчылык менен кол салышып, алардын телефондорун жана акчаларын тартып алышкан.

Иштин бардык жагдайларын тактоо жана расмий билдирүү алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы Канцеляриясы тарабынан Россиянын Тергөө комитетинин Санкт-Петербург шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын Выборгский району боюнча тергөө бөлүмүнө жана Россиянын Санкт-Петербургдун Выборгский району боюнча Ички иштер министрлигине суроо-талап жиберилди. 

Бул маселе Министрликтин көзөмөлүндө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK