Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Аида Исмаилова Корея Республикасынын Президентине караштуу Түндүк Экономикалык Кызматташтык боюнча Комитеттин Төрагасы Пак Чон Су мырза менен жолугушту

2022-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Аида Исмаилова Корея Республикасынын Президентине караштуу Түндүк Экономикалык Кызматташтык боюнча Комитеттин Төрагасы Пак Чон Су мырза менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жакынкы жылдарга Кыргыз-Түштүк Корея кызматташтыгынын келечектүү багыттарын талкуулашты. Адам ресурстары, инфраструктура тармагында өз ара аракеттенүү потенциалын түзүү, инвестиция тартуу, ошондой эле айыл чарба, транспорт жана логистика, энергетика, экология, билим берүү жана санариптештирүү тармактарында кызматташууну өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Комитеттин төрагасы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда мультипликативдик мамиленин маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгон быйылкы жыл Кыргыз-Түштүк Кореялык эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө кошумча дем берерин белгиледи.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Элчиси А.Исмаилова Корея Республикасы Кыргызстан үчүн Азия-Тынч океан аймагындагы эң маанилүү өнөктөштөрдүн бири экенине билдирди, бул Кыргызстанды Түштүк Кореянын өкмөтү өнөктөш өлкөлөрдүн тизмесине киргизүү менен тастыкталат. Кыргыз Республикасынын Элчиси ошондой эле биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн жана өз ара сапарлардын жыштыгын жана эки тараптуу мамилелердин бардык деңгээлдеринде тыгыз өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK