Кыргыз Республикасынын жана Иран Ислам Республикасынын тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилери Жээнбек Кулубаев менен Амир Хоссейн Абдоллахиян өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо каттары менен алмашышты

2022-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Амир Хоссейн Абдоллахиян мамлекеттер ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо каттары менен алмашышты.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата чын дилимден куттуктоомду кабыл алыңыз.

Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасы терең тарыхый достукка, эки элдин жалпы адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарына негизделген достук, өз ара пайдалуу кызматташтыктын үлгүсү болуп саналат.

Өткөн жылдарда тараптардын жигердүү аракеттеринин натыйжасында бийик жана жогорку деңгээлдеги саясий байланыштар түзүлүп, кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында натыйжалуу соода-экономикалык кызматташтык түзүлүп, аймактар аралык байланыштар бекемделгенин кубануу менен белгилейм.

Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Амир Хоссейн Абдоллахияндын куттуктоосунда мындай деп белгиленет:

«Бактыга жараша, эки өлкө көптөгөн тарыхый, маданий, диний жана цивилизациялык жалпылыктарга, ошондой эле ынак коңшулук принциптерине таянып, 30 жылдан бери ак ниеттүү достук мамилелерин сактап келет. Эки өлкөнүн дипломатиялык кызматкерлери жана ведомстволору кол тийбестикти жана коопсуздукту коргоо жаатында гана эмес, өз ара байланыштарды жана мамилелерди өнүктүрүүдө олуттуу, көрүнүктүү ролду ойношту.

Бул маанилүү миссия жакынкы жылдарда да көңүл чордонунда болуп, ал эми тараптардын тышкы саясий ведомстволору эки өлкөнүн лидерлери белгилеген маанилүү максаттарга жетүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу үчүн бардык күч-аракетин жумшаарына ишенем».

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK