Жеӊиш күнүн майрамдоонун алдында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлеринин үйүндө конокто болду

2022-жылдын 8-майында, Жеӊиш күнүн майрамдоонун алдында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкек шаарында жашаган Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери Августовский Анатолий Федоровичтин жана Мадраимова Надежда Ивановнанын үйүндө конокто болду.

Министр Ж.Кулубаев Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине чыӊ ден соолук каалап, аларды келип калган майрамы – Жеӊиш күнү менен куттуктады жана КР Президенти С.Н.Жапаровдун атынан жакшынакай каалоолорду каалады.

Куттуктаган соӊ Ж.Кулубаев ардагерлер менен жылуу маанайда маек курду, жашоо жана тиричилик жагдайлары менен таанышты, ошондой эле алардагы көйгөйлөргө кызыкты. Аны менен бирге өлкөнүн жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан ал көйгөйлөрдү чечүүгө зарыл жардамдар көрсөтүлөрүн белгиледи. 

Маектешүүнүн жүрүшүндө Анатолий Федорович 19 жашында Кызыл армиянын катарына Баткен облусунун Сүлүктү шаарынан чакырылганын, согуш убагында ал Москванын жака белинде ички аскер кызматында кызмат өтөгөнүн айтты. 1952-жылы аскерден кайткан. Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында көрсөткөн күжүрмөндүгү үчүн «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согушта Германияны жеӊгендиги үчүн» медалы менен сыйланган.  

Надежда Ивановна ардагер-блокадачы, тыл эмгекчиси. Анын туулган шаары Ленинград согуштук блокадага алынганда, ал болгону 11 жашта болгон. Согуш убагында токуу фабрикасында иштеген. Өзүнүн каармандык эмгеги үчүн СССРдин 9 сыйлыгы менен белгиленген. 

Министр Ж.Кулубаев ардагерлердин жасаган каармандыктарын, эрдиктерин жана баатырдык эмгектерин белгилөө менен, биздин бейкут асманыбыз үчүн аларга ыраазычылык билдирди, алар тарабынан Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилинде жасалган эрдиктери эч качан унутулбастыгын жана Ата-Мекенге жан-дили менен кызмат кылуу мисалында жана жарандык милдетке берилгендик катарында кийинки муундардын эсинде түбөлүк жашай берерин баса белгиледи.

Жолугушуунун аягында министр Ж.Кулубаев ардагерлерге Улуу Жеӊиш майрамынын урматына гүл жана белек себеттерди тапшырды.

Өз кезегинде ардагерлер көӊүл бургандыктары жана кам көргөндүктөрү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти, ошондой эле министрдин ишине ийгиликтерди жана биздин Мекенибиздин гүлдөп өнүгө беришин каалашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK