Кыргызстандын Тажикстандагы Элчилигинин кызматкерлери «Гендердик зомбулуктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүп жаткан аялдар жана укук коргоо уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча Борбордук Азия регионалдык конференциясы» аттуу Конференцияга катышышты

Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинин кызматкерлери 2022-жылдын 18-май күнү, «Гендердик зомбулуктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүп жаткан аялдар жана укук коргоо уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча Борбордук Азия регионалдык конференциясы» темасындагы Конференциянын ишине катышышты, бул иш чара ЕККУнун Тажикстандагы Программалык кеңсесинин колдоосу менен болуп өткөн.

Конференцияга БА өлкөлөрүнөн келген өкмөттүк эмес уюмдардын, ТРнын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана Тажикстандагы дипломатиялык миссиялардын башчылары катышышты.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө Борбордук Азияга басым жасоо менен гендердик зомбулуктан жабыр тарткандарды коргоо жана колдоо маселелери боюнча тажрыйба, билим жана алдыңкы практика талкууланган. Элчиликтин кызматкерлери Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулуктан жабыр тарткандарга психосоциалдык жана юридикалык жардам көрсөтүүчү тиешелүү борборлор иштеп жаткандыгын, ошондой эле аларга жардам көрсөтүү жана коргоо үчүн көптөгөн шаймандар жана механизмдер бар экендигин белгилешкен.

Ошондой эле гендердик зомбулуктан жабыр тарткандарды коргоо жана колдоо маселелери боюнча жарандык коом уюмдары, академиялык чөйрөлөр жана Өкмөттөр ортосунда дагы да тыгыз кызматташтыктын зарылдыгы белгиленген.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK