Болгариянын Президенти Румен Радев Президент Садыр Жапаровду дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады

Болгария Республикасынын Президенти Румен Радев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Болгария Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктады.

«Ушул салтанаттуу күнү мен кыргыз элине гүлдөп-өнүгүүнү жана элдерибиздин, мамлекеттерибиздин ортосундагы байланыштардын өз ара пайдалуу өнүгүшүн кааларымды билдирүүгө кубанычтамын.

Сизге чың ден соолук жана жогорку жоопкерчиликтүү ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди каалап, менин эң жогорку урмат-сыйымды кабыл алыңыз”, - деп айтылат Румен Радевдун куттуктоосунда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK