Кыргызстандын Германиядагы Элчилиги Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата дипломатиялык кабыл алуу өткөрдү

2022-жылы 30-июнда Кыргызстандын Германиядагы Элчилиги Германиянын тышкы иштер Федералдык министрлигинин имаратында Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата дипломатиялык кабыл алуу өткөрдү.

Иш-чараны Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев жана Германиянын тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбор Азия боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлү Маттиас Люттенберг ачышты.

Кыргызстандын Элчиси Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө Германия КРнын Европадагы эң маанилүү өнөктөшү экенин белгилеп, өткөн жылдардагы кыргыз-герман кызматташтыгынын жемиштүү жана көп кырдуу мүнөзүн жана эки өлкөнүн эки тараптуу кызматташууга кызыкдарлыгын баса белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU), Борбордук Азия геоилимдер институтунун (CAIAG), Кыргыз-герман прикладдык информатика институту жана Кыргыз-герман техникалык институтунун Кыргызстандагы көп жылдык жигердүү жана ийгиликтүү ишмердүүлүгү боюнча презентациялар көрсөтүлдү.

Кеченин алкагында келген коноктор Кыргызстан тууралуу сүрөт көргөзмөсү менен таанышып, улуттук тамак-аштардан жана суусундуктардан даам татышты. Ошондой эле конокторго өлкөбүз тууралуу видеороликтер көрсөтүлүп, КР эмгек сиңирген артисти Жамиля Райымбекова жана комузчу Үмүт Муратбекова өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Салтанатка ошондой эле Кыргыз-Германия прикладдык информатика институтунун ректору Аида Төлөгөнова, NABUнун вице-президенти Николь Шпундфлаш, CAIAG Германия тараптан тең директору Оливер Бенс, Кыргыз Республикасынын И.Раззаков атындагы Мамлекеттик техникалык университетинин Немис тили кафедрасынын доценти Зухра Абдукеримова, Бундестагдын, Германиянын Тышкы иштер министрлигинин, түрдүү министрликтердин жана ведомстволордун, Германиянын саясий фонддорунун, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдары, Кыргызстандын Германиядагы достору, ошондой эле Германиянын ар кайсы федералдык штаттарындагы кыргызстандыктардын диаспоралык уюмдарынын активисттери катышышты.

Иш-чараны кыргыз жана немис тилдеринде Макс-Планк институтунун илимий кызматкери Д-р. Махабат Садырбек алып барды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK