Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын ТИМинин мамлекеттик министри Тобиас Линднер менен кызматташуунун артыкчылыктуу маселелерин жана негизги багыттарын талкуулады

2022-жылы 4-июлда Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик министри Тобиас Линднер менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун кыска жана орто мөөнөттө өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу маселелери жана негизги багыттары талкууланды.

Тараптар акыркы 30 жылда болуп келген кыргыз-герман мамилелеринин жогорку деңгээлин баса белгилеп, саясий диалогду мындан ары өнүктүрүү жана ар-түрдүү тармактарда кызматташтыкты кеңейтүү максатында иш-сапарларды уюштуруу жана тышкы иштер министрликтердин ортосунда консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүү пландарын талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Өмүрбек Текебаев Германия дүйнөдө алдыңкы саясий борборлордун бири экендигин жана Кыргызстан саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана башка тармактарда активдүү өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Мамлекеттик министр Тобиас Линднер 2022-жылдын июнь айында Кыргыз-Герман Ишкерлер кеңешинин түзүлүшү жана биринчи отурумунун маанилүүлүгүн белгилеп, германиялык тараптын ар түрдүү тармактарда кыргыз-герман эки тараптуу мамилелерин мындан ары да чыңдоого даярдыгын билдирди.

Тараптар кыргыз-герман мамилелерин мындан ары өнүктүрүү максатында саясий диалогду улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK