“Санкт-Петербургда кыргыз жараны күйүп жаткан пенопластты өчүрүүгө аракет кылган учурда күйгөн” деген маалыматка боюнча билдирүү

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган “Санкт-Петербургда кыргыз жараны күйүп жаткан пенопластты өчүрүүгө аракет кылган учурда күйгөн” деген маалыматка байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдирет.

Бул окуя 6-июль күнү 2006-жылы туулган жашы жете элек КРнын М.И. аттуу жараны үй-бүлөсү менен жашаган «Дачное» бакчасында болгон. Оңдоо иштери жүрүп жаткан жеринен кичинекей өрт чыккан. Өрттү көргөн жашы жете элек бала өрттү өчүрүүгө аракет кылып жаткан учурда колу жана буту күйүп калган.

Учурда өспүрүм Санкт-Петербург шаарындагы №1 шаардык балдар ооруканасынын күйүк бөлүмүндө дарыланууда. Жабырлануучунун абалы орточо деп бааланууда. Кыргызстандык жаран тиешелүү дарылоодон өткөндөн кийин 7-10 күндүн ичинде үйүнө чыгарылат.

Бул маселе Элчиликтин Санкт-Петербургдагы кеңсесинин (бөлүмүнүн) көзөмөлүндө, ага зарыл болгон бардык консулдук-укуктук жардамдар көрсөтүлүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK