Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде кыргызстандыктар тарабынан жасалган кылмыштардын көбөйүшү талкууланды

2022-жылы 27-июлда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде КРнын Москва шаарындагы диаспорасынын демилгеси менен Россияда жашаган кыргызстандыктар тарабынан жасалган кылмыштардын көбөйүшүн талкуулаган жыйын болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жана Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат берилип, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясында мыйзамдуу болушуна тоскоолдук кылган негизги көйгөйлөр айтылды. 

Жолугушуунун жыйынтыгында Россия Федерациясындагы мекендештер тарабынан жасалган кылмыштуулуктун санын азайтууну шарттаган пикир алмашуу жана мындан аркы биргелешкен аракеттерди көрүү максатында мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK