2022-жылдын 2-августуна карата маалыматтык билдирүү

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири жашы жете элек Кыргыз Республикасынын жарандарына өзгөчө көңүл буруу менен Россия Федерациясынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо болуп калууда.

Бул контекстте, 2022-жылдын июль айында укук коргоо иштеринин алкагында Элчилик ведомстволор менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусунда окуялар болгон жерге 57 жолу барган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөргөн.

Элчиликтин жардамы менен мыйзамдуу өкүлдөрүнүн кароосуз калган 6 жашы жете элек Кыргыз Республикасынын жараны мекенине кайтарылды; 907 725 рубль өлчөмүндө эмгек акыны өндүрүү ишке ашырылган. Элчиликтин "ишеним телефондору" аркылуу кайрылган 4755 адамга консультация берилип, 1881 жаран чат - боттор аркылуу маалымат алышкан.

Элчилик канцелярия менен биргеликте 11 138 консулдук иш-аракеттерди жүргүзүп, 8 294 консулдук кызматтарды көрсөттү.

Дипломатиялык өкүлчүлүк кыргызстандыктардын укуктарын коргоого, ошондой эле жарандарды консулдук кызматтар менен камсыздоого багытталган ишин улантат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK