Кыргызстандын Казакстандагы Элчиси Дастан Дюшекеев Казакстандын Каржылык мониторинг агенттигинин төрагасы Жанат Элиманов менен жолугушту

2022-жылы 9-августта Кыргызстандын Казакстандагы Элчиси Дастан Дюшекеев Казакстандын Каржылык мониторинг агенттигинин төрагасы Жанат Элиманов менен жолугушту.

Тараптар Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен жөнөтүлгөн жүк ташуучулардын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

КРнын Элчиси Д.Дюшекеев буга чейин эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын деңгээлинде транспорт жана жүктөрдү ташуу жаатында жетишилген макулдашууларды сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK