Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.Артыкбаев Пакистандын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары С.Махмуд менен жолугушту

2022-жылы 17-августта Исламабад шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.Артыкбаев Пакистан Ислам Республикасына саясий маселелер боюнча 2-ТИМ аралык консультацияларга катышуу үчүн болгон иш сапарынын алкагында, Пакистандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары С.Махмуд менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерин талкуулап, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде Афганистандагы кырдаал боюнча пикир алышты.

Тараптар түрдүү тармактарда кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча болгон потенциалды иш жүзүндө ишке ашыруунун, ошондой эле аймактык жана эл аралык платформалардын алкагында эки тараптуу тыгыз кызматташуунун зарылдыгын белгилешти.

Министрдин орун басары А.Артыкбаев быйылкы жылы эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө байланыштуу эки мамлекеттин борборлорунда бир катар биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү, анын ичинде эки өлкөнүн борборлорунда жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууну, ошондой эле эки тараптуу кыргыз-пакистан кызматташтыгына олуттуу импульс бере турган Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосунда 5 жылга Кызматташтык программасын иштеп чыгуу жана кол коюу сунуштады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK