КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Азербайжандын Кыргызстандагы Элчиси Латиф Гандилов менен жолугушту

2022-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Азербайжан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Латиф Гандилов менен жолугушту.

Жолугушууда элчи Гандилов кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандын ондогон жарандарынын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Жолугушууда маектештер Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун ушул жылдын 19-20-апрелинде Азербайжан Республикасына жасаган расмий иш сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле алдыдагы бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды талкуулашты.

Ар түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун соңунда тараптар саясий, дипломатиялык, соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык жана башка тармактарда жигердүү кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK