БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында КРнын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев менен Япониянын Тышкы иштер министри Ё.Хаясинин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев менен Япониянын Тышкы иштер министри Ё.Хаясинин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Министр кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалган токтолду. Конфликттин бүгүнкү күнгѳ чейинки тарыхына кыска токтолгондон соң, тажик тарабы бул жолу кыргыз жергесин ШКУнун Саммити ѳтүп жаткан учурда соккуга алганын ѳкүнүч менен билдирди. Натыйжада Кыргыз Республикасынын 140 миңден ашуун жараны жашаган жеринен качууга мажбур болушту. Кыргыз тарабы оор адам жоготууларына дуушар болду. Социалдык инфратүзүм объектилери, анын ичинде былтыркы апрелдеги коогалаңдан кийин кайра тургузулгандары да кыйроого учурады. Мунун кесепетинде Кыргыз Республикасы ѳлкѳнүн бюджетинен ири каражаттарды бѳлүүгѳ аргасыз болуп жатат. Министр Кыргыз Республикасынын бир катар чек арада жайгашкан айылдары басып алынгандыктан кыргыз тарабы жооп кайтарууга мажбур болгонун айтты. Бирок, кыргыз тарабынын бул аракеттери коргонуу иретинде гана жасалды. Министр Кыргыз Республикасы Тажикстан Республикасы менен болгон маселелерди саясий дипломатиялык ыкмалар менен тынчтык сүйлѳшүүлѳр аркылууга гана чечүүнү дайым жактаарын билдирди.

Тараптар кыргыз-япон мамилелеринин учурдагы абалын талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө отуз жылдын ичинде жетишилген ийгиликтерди канааттануу менен белгилешти.

Министр Ж.Кулубаев Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки Япония Өкмөтү тарабынан Япония Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (JICA) аркылуу Кыргыз Республикасында социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүп келе жатканын өзгөчө белгиледи.

Мындан ары инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга, Кыргызстандын аймактарынын өнүгүшүнө салым кошкон «Бир айыл – бир продукт» долбоорун мамлекеттик деңгээлде кеңейтүүгө, ошондой эле JDS долбоорунун алкагында билим берүү жана өлкөнүн кадрдык ресурстары тармагында өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экендиги баса белгиленди, анын аркасында Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери Япониянын университеттеринде билим алышууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы эки тарапты кызыктырган маселелердин бардык комплекси боюнча, атап айтканда, экономика, соода, инвестиция жана өнөр жай тармагында эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча мындан ары тыгыз иш алып барарына ишеним билдирди. Алар көп тараптуу форматтарда, атап айтканда, «Борбор Азия + Япония» диалогунун алкагында өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн жана маанисин баса белгилешти.

Тараптар Кыргызстан менен Япония үчүн юбилейлик жылда жогорку деңгээлдеги сапарларды, ошондой эле экономикалык, илимий жана маданий-гуманитардык иш-чараларды уюштуруу боюнча пикир алышты.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар кыргыз-япон мамилелеринин эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелери боюнча эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө болгон жалпы каалоолорун ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK