КРнын Корея Республикасындагы Элчиси А.Исмаилова Корея Республикасынын Тэгу шаарына иш сапары менен барды

2022-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси А.Исмаилова Корея Республикасынын Тэгу шаарына иш сапары менен барып, анын алкагында Кёменг университетинин жетекчилиги жана профессордук-окутуучулук курамы менен, атап айтканда Университеттин Президенти Син Илхи, Вице-президент Ли Пилван, Вице-президент, медициналык борбордун директору профессор Ли Си-ю, Тэгу шаарынын Медицина кеңешинин төрагасы, Тэгу шаарындагы медициналык туризмди өнүктүрүү Институтунун Президенти Ча Сун До, Эл аралык мамилелер, экономика жана коммерция факультетинин деканы, профессор Санг Хо жана Тэгу Медициналык Кеңешинин Медициналык өнөр жай департаментинин директору, ж.б. менен жолугушуу өткөрдү.

А.Исмаилова Кыргызстандын Корея Республикасы менен билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында кызматташууга, анын ичинде Корея Республикасынын билим берүү медициналык борборлорунда Кыргыз Республикасынын дарыгерлеринин квалификациясын жогорулатууга кызыкдар экенин билдирди. Элчи кореялык өнөктөштөрдү өлкөлөр ортосундагы медицина тармагындагы кызматташууну биргелешип активдештирүүгө, атап айтканда өзгөчө профилдеги адистердин, докторлордун жана профессорлордун тажрыйба алмашуу тармагында кызматташууга чакырды.

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчиси А.Исмаилова Кёменг университетинин Донгсан медициналык борборуна болгон иш сапарынын алкагында Жусуп Баласагын атындагы КУУ менен Кёменг университетинин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумдун алкагында Корея Республикасында бекер дарыланып жаткан кыргызстандык бейтаптарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө учурашууга барды.

Аталган жолугушуулардын жана иш-чаралардын алкагында тараптар биргелешкен кыргыз-корей долбоорун, анын ичинде Кыргызстандан оор дартка чалдыккан жарандарга Корея Республикасында бекер дарыланууга квоталарды көбөйтүү жана башка келечектүү кызматташуу долбоорлорун талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну улантууну макулдашышты.Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK