Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) келди.

Мамлекет башчысынын учагы Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду.

Иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жыйынына катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK