КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Субрегионалдык кеңсесинин башчысы, ФАОнун Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн м.а. Виорел Гуцу менен жолугушту

2022-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Субрегионалдык кеңсесинин башчысы, ФАОнун Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн м.а. Виорел Гуцу менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасында айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга багытталган ФАОнун долбоорлорун мындан ары ишке ашыруу маселелерине токтолушту.

Министрдин орун басары Айбек Молдогазиев БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясын кабыл алуунун алкагында 2023-2027-жылдарды «Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы» деп жарыялоо жөнүндө эл аралык демилгени бекитүү боюнча иштин практикалык аякташы тууралуу маалымат берди.

Ошону менен бирге, Министрдин орун басары бул демилгени толук ишке ашырууда БУУнун институттарынын көмөк көрсөтүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Виорел Гуцу ФАО бул демилгени улуттук деңгээлде ишке ашырууга колдоо көрсөтөрүнө ишендирди.

Жолугушуунун соңунда Министрдин орун басары Айбек Молдогазиев Кыргыз Республикасы ФАО менен тыгыз кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экенин ырастап, Виорел Гуцуга мындан аркы ишине ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK