КРнын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев менен Беларустун Элчиси Андрей Страчко өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына карата куттуктоолор менен алмашышты

2023-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын мамлекет, парламент, өкмөт жана тышкы саясий ведомстволордун башчыларынын деңгээлинде куттуктоолор менен алмашуу максатында КР Тышкы иштер министринин биринчи орун басары А.Исаевдин Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Страчко менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшундө Тараптар бири-бирин маанилүү юбилейлик дата менен жылуу куттукташты. А.Исаев өткөн мезгил ичинде өлкөлөр маданий-тарыхый мурастарды, соода-экономикалык жана гуманитардык байланыштарды гана сактап калбастан, аларды өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн духунда арттырууга жана өнүктүрүүгө жетишкенин канааттануу менен белгиледи. Бийик жана жогорку деңгээлдеги саясий-дипломатиялык диалог бекемделип, өкмөттөр аралык, ведомстволор аралык жана региондор аралык кызматташуу жигердүү алдыга жылдырылууда.

Тараптар юбилейлик жыл жетишкендиктер жана эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди ийгиликтүү ишке ашыруу менен белгиленип, достукка жана өз ара колдоого негизделген мамлекеттердин жана элдердин кызыкчылыктарына жооп берген өз ара пайдалуу кызматташтыктын практикалык негиздерин чыңдоого жана кеңейтүүгө мүмкүндүк берерине ишенимин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү, биргелешкен өнөр жай кооперациясын уюштуруу жана товар жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү, анын ичинде өкмөттөр аралык кыргыз-белорус комиссиясынын алкагында ишти күчөтүү тууралуу макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK