КРнын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Урал мамлекеттик тоо-кен университетине барды

2023-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Урал мамлекеттик тоо-кен университетине (мындан ары – УМТУ) барып, анын ректору Алексей Душин менен жолугушту.

Жолугушууда университеттер аралык байланыштар, ошондой эле УМТУнун Кыргыз Республикасынын тоо-кен өнөр жайынын алдыңкы ишканалары менен кызмашташуусу талкууланды.

«Кыргызиндустрия» ААК, «Куранда Девелопмент» ЖЧКсы жана УМТУ ортосундагы макулдашуулардын алкагында Кыргызстандын тоо-кен казып алуу ишканалары үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун соңунда Башкы консулга Урал мамлекеттик тоо-кен университетинин алдындагы Урал геологиялык музейине экскурсия уюштурулуп, ал Уралдын геологиялык үлгүлөрүнүн бай коллекциясы менен таанышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK