КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Экономикалык Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлер кеңешинин 26-жыйынынын ишине катышты

2023-жылдын 24-январында Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М. Кулубаев Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлер кеңешинин (ТИМК) 26-жыйынынын ишине катышты.

Күн тартибине ылайык катышуучулар тарабынан соода, транспорт, инвестиция, "жашыл" экономика, санариптештирүү, энергетика, азык-түлүк чөйрөлөрүндө аймактык кызматташууну активдештирүү маселелери каралды. Өзбекстан Республикасынын ЭКУдагы төрагалыгынын жыйынтыгы чыгарылды.

Өз сөзүндө кыргыз делегациясынын башчысы Кыргызстан экономикалык чөйрөдө көп тараптуу кызматташуунун регионалдык механизми катары ЭКУнун ишмердүүлүгүн колдой тургандыгын, ошондой эле Уюмга мүчө мамлекеттер менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи.

ЭКУда биргелешкен ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп транспорттук-логистикалык чөйрө эсептелгендигине байланыштуу, Ж.М. Кулубаев Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн булуңдун деңиз портторуна чыгууга жол ачкан "Чыгыш-Батыш" жана "Түндүк-Түштүк" транспорттук коридорлорун өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну колдоду.

Муну менен катар ЭКУ аймагында транспортту жана коммуникацияларды өнүктүрүү боюнча ЭКУнун Иш-аракеттер программасына киргизилген "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу кыргыз тарап үчүн маанилүү экендиги белгиленди.

Мындан тышкары, Министр Ж.М. Кулубаев отурумдун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун "жашыл" демилгелери жөнүндө маалымдады. Кыргыз тараптын сунушу боюнча, ЭКУ Тышкы иштер министрлер кеңешинин 26-отурумунун Ташкент коммюникеси катары белгилүү болгон жыйынтыктоочу документинде БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү: 2023-2027-жж. "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы" деп жарыялоо жөнүндө резолюциясын ишке ашыруу колдоого алынган, ал Кыргыз Республикасы тарабынан демилгеленген.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK