КРнын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Свердлов облустунун Кичи жана орто бизнес биримдигинин жаңы кеңсесинин ачылышына катышты

2023-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов «Высоцкий» бизнес борборунда болуп өткөн Свердлов облустунун Кичи жана орто бизнес биримдигинин жаңы кеңсеси – «Ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча коомдук кабылдамасынын» ачылышына катышты.

Бет ачарга бизнес чөйрөсүнүн, облустук жана шаардык бийликтин, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана башка коноктор катышты. Р.Бийбосунов облустун Кичи жана орто бизнес бирлигинин жаңы кеңсесинин ачылышы менен куттуктап, облустун ишкерлерине колдоо көрсөтүү ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Свердлов облустунун Кичи жана орто бизнес биримдигинин жетекчилиги жана аймактын ишкерлери менен болгон жолугушууларда кыргызстандык өнөктөштөр менен кызматташууну түзүү жана өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK