Чикагодо Кыргыз Республикасынын жарандары арасында “Эне тили болбосо аты аталбай улуттун” флешмобу өттү

Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу жана Кыргыз коомчулук борбору «Kyrgyz Community Center» менен биргеликте АКШнын Чикаго шаарында турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында «Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун» деген темада флешмоб уюштурду.

Бул флешмоб манас эпостун уламыштарын айтуу, кыргыз көчү, бешик ыры, кара жорго бийи, топ таш, чүкө оюндары жана башка кыргыз элинин ар-түрдүү улуттук каада-салт, үрп-адат жана маданиятын көрсөтүү менен коштолду.

Белгилей кетсек, ЮНЕСКОнун 1999-жылдагы чечими менен 21-февраль - Эл аралык эне тил күнү болуп бекитилген. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен 2023-жылдын 21-январынан 21-февралына чейин Кыргызстанда «Эне тил күнүнө карата бир айлык» жарыяланган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK