Японияда «Борбордук Азия-Япония» Бизнес-диалогу болуп өттү

Ушул жылдын 21-февралында Токио шаарында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчиси Эркинбек Осоев «Борбордук Азия-Япония» Бизнес-диалогуна катышты.

Иш-чарага Борбордук Азия мамлекеттердин Япониядагы Элчилери, Япониянын экономика, соода жана өнөр жай министрлиги, Япониянын тышкы иштер министрлиги, Япониянын Россия жана Жаңы көз карандысыз мамлекеттер (ЖКМ) менен соода боюнча ассоциациясын президенти М. Иидзима мырза, «Marubeni» корпорациясын, «Mitsubishi» корпорациясын, «ITOCHU» корпорациясын өкүлдөрү жана башка Борбордук Азия менен соода жүргүзүүгө кызыгы бар япон ишкерлери катышты.

Бизнес-диалогдун максаты Борбордук Азия менен Япониянын ортосунда байланыш түзүү, ой-пикир алмашуу, ошондой эле соода, инвестиция жана бизнес чөйрөсүндө позитивдүү атмосфераны түзүүгө багытталган.

РОТОБОнун Президенти М. Иидзима мырза Борбордук Азия өлкөлөрүндө Япониянын соодасын андан ары өнүктүрүү жана инвестициялык саясатын ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөө, анын ичинде жаңы транспорттук каттамдарды түзүү зарылдыгын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчиси Эркинбек Осоев өз сөзүндө япон инвестицияларын тартуу жана ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүүнүн актуалдуулугун белгилеп, Кыргыз Республикасында инвесторлорго каралган мүмкүнчүлүктөр жана артыкчылыктуу шарттар жөнүндө кеңири маалымат берди.

Маалымат катары: Япониянын Россия жана Жаңы Көзкарандысыз мамлекеттер (ЖКМ) менен соода боюнча ассоциациясы 1967-жылы 16-январында түзүлгөн (ошол убакытта Япониянын СССР жана Чыгыш Европа менен соода боюнча ассоциация).

РОТОБОнун мамлекет-өнөктөштөрү Россия, Украина, Беларусь, Молдова, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Азербайжан, Армения, Грузия жана Монголия болуп саналат.

РОТОБОдо 200гө жакын мүчөлөр бар, анын ичинде соода фирмалары, ар кандай тармактардагы ишканалар, банктар, фонд компаниялары, өнөр жай ассоциациялары, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу агенттиктери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK