КРдин КЭРдеги Элчиси Актилек Мусаева Кытайдын чет тилдеги адабияттарды басып чыгаруу жана жайылтуу иштери боюнча башкармалыгынын Европа жана Азия борборунун башчысы Цзян Юнган менен жолугушту

2023-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчиси Актилек Мусаеванын Кытайдын чет тилдеги адабияттарды басып чыгаруу жана жайылтуу иштери боюнча башкармалыгынын Европа жана Азия борборунун башчысы Цзян Юнган менен жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө маданият жана ММК чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташууну активдештирүү маселелери талкууланып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экени айтылды.

Тараптар Ч.Айтматовдун 95 жылдыгын белгилөө боюнча илимий конференцияларды, биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү жана Кытайдын ММКларында "Манас" эпосу тууралуу макалаларды жарыялоону камтыган пландарды белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK