КРдин Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Тюмень облусунда жарандарды жеринде кабыл алды

2023-жылдын 26 жана 28-февралында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Орусия Федерациясынын Тюмень облусуна консулдук иш сапары менен барышты.

Кыргыз диаспорасынын регионалдык "Биримдик" коомдук уюмунун кеңсесинде Тюмени шаарында жана Тюмень облусунда жашаган мекендештер менен жолугушууларды өткөрүштү. Дипломаттар мекендештерге чет өлкөдөгү мекеме тарабынан консулдук кызматтарын көрсөтүп жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Жарандарды кабыл алуу учурунда Башкы консулдук аймакта жашаган 100дөн ашуун кыргызстандыктарга ар кандай консулдук кызматтар көрсөткөтүлдү.  Иш-сапардын алкагында Башкы консулдуктун кызматкерлери Тюмень облусу боюнча Орусиянын Жазаларды аткаруу федералдык кызматынын башкы башкармалыгынын №2, №4 түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын 25жараны жана аталган мекемелердин жетекчилери менен жолугушулар өткөрүлдү.

Абакта жазасын өтөп жаткан кыргызстандын жарандары менен жолугушуу учурунда түзөтүү мекемелеринен шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча, жана соттолгон адамдарды Кыргыз Республикасына которуу процедуралары тууралуу маалыматты берип, жана кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

Башкы консулдуктун кызматкерлери Тюмень шаарындагы Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборуна барып, Кыргыз Республикасынын жарандары жана аталган мекеменин жетекчиси менен жолугушуп, мекендештердин мекенге тез арада кайтып кетүү маселелерин талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрү Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет мамлекеттин аймагындагы согуштук аракеттерге катышуусунун мыйзамсыздыгы боюнча түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүүшүдө.

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Россия Федерациясынын аймагында убактылуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралданган кагылышууларга катышуусунда кылмыш-жаза жоопкерчилиги белгиленгенин эскертет.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан учурда, мүлкүн конфискациялоо менен он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK