Екатеринбургда "Миграциядагы аял жүзү" эл аралык форуму өттү

2023-жылдын 1-мартында Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун жана Свердлов облусунун Өкмөтүнүн колдоосу менен "Кыргызстан-Урал" Свердлов облустук коомдук уюму тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү "Миграциядагы аял жүзү " эл аралык форуму өттү.

Кезектеги форумдун алкагында ишкер аялдардын эл аралык кооперация маселелери жана миграцияга чейинки даярдыктары талкууланды.

Пленардык жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Т.Маткеримов, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Ж.Султанбаева, Свердлов облусунун губернаторунун орун басары В. В. Козлов, Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулу Р.М.Бийбосунов, Свердлов облусунун адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Г.Мерзлякова, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы К.А.Акматбеков, БУУнун Москвадагы маалымат борборунун директору В.В.Кузнецов. Эл аралык форумумда  ошондой эле аймактык мамлекеттик органдардын, чет өлкөлүк консулдук мекемелердин, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер жана башка адамдар катышты.

Ошол эле күнү Жогорку Кеңештин депутаты А.Т. Маткеримов жетектеген кыргыз делегациясы Свердлов облусунун губернаторунун орун басары В. В. Козлов менен жолугушусу өтүп, учурдагы региондор аралык байланыштар, маданий-гуманитардык, билим берүү жана башка тармактардагы өз ара аракеттер талкууланды. Өзгөчө кыргызстандыктардын региондогу эмгек миграциясында жүргөн абалына көңүл бурулду. Мындан тышкары, облустун медициналык, жогорку окуу жайлары менен жана социалдык мекемелеринде бир катар жолугушуусун пландаштырылууда.

Андан тышкары делегация Уралда жашаган мекендештер менен жана Орусиянын башка аймактарынан келген диаспоралык уюмдардын лидерлери менен жолугушуу өткөрүштү. Делегациянын мүчөлөрү кыргызстандыктардын алдында сөз сүйлөп, Екатеринбург шаарына болгон сапарынын максаттары жөнүндө айтып беришип жана аларды кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK