Президент Садыр Жапаров Грециянын Президенти Катерина Сакелларопулуга поезддердин кагылышуусунан улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Греция Республикасынын Президенти Катерина Сакелларопулуга темир жол кырсыгынан улам көп сандаган адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“2023-жылдын 1-мартында Грецияда болгон поезддердин кагылышуусунун кесепетинен адамдар каза болду жана көптөгөн зыян келтирилди, деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, ал эми жабыр тарткандардын эртерээк сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK