Кыргызстандын Бельгиядагы Элчиси Айдит Эркин Бельгиянын Королу Филиппке ишеним грамотасын тапшырды

2023-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Айдит Эркин Бельгиянын Королу Филиппке ишеним грамотасын тапшырды.

Улуу Даражалуу Филипп менен болгон сүйлөшүүдө Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы кызматташтык маселелери, ошондой эле Борбор Азия аймагындагы жана дүйнөдөгү кырдаал талкууланды.

Мындан тышкары, А.Эркин Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун саламын айтып, кыргыз тараптын эки мамлекеттин ортосундагы ар тараптуу байланыштарды чыңдоого жана кеңейтүүгө даярдыгын белгиледи.

Бельгиянын Королу Филипп Элчини жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын дипломатиялык ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Элчи А.Эркин Филипп өкүмдарга жылуу кабыл алуу жана каалоо-тилектери үчүн ыраазычылык билдирип, көрүнүктүү жазуучу, ойчул жана Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы биринчи элчисинин Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун чыгармачылыгына арналган француз тилиндеги китеп-альбомду жана ал кишинин Филипп Королдун  атасы Улуу Даражалуу II-чи Альбертке 1994-жылы тапшырылган Ишеним грамотасынын көчүрмөсүң белекке ыйгарды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK