Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Анкара шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, иш сапары менен Анкара шаарына (Түркия Республикасы) келди.

Мамлекет башчысынын учагы Анкара шаарындагы "Эсенбога" эл аралык аэропортуна келип конду.

Аэропорттун флагштокторуна Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын туулары илинип, ардак кароол тизилген.

Эске салсак, иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын кезексиз саммитинин жыйынына катышат.

Ошондой эле, сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK