Башкы консулдуктун кызматкерлери Свердлов облусунда жайгашкан Чет ɵлкɵлүк жарандарды убактылуу кармоочу борборлоруна барышты

2023-жылдын 29-30-мартында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Екатеринбург жана Первоуральск шаарларындагы Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу борборлоруна (мындан ары - борборлор) барышты.

Иш сапардын алкагында Башкы консулдуктун кызматкерлери бул борборлордо кармалуучу Кыргызстандын жарандары менен жолугушууларды өткөрүп, аларды кармоо жайынын шарттары менен таанышышты. Мекенине кайтып келүү үчүн документтерди даярдоо боюнча консультациялар өткөрүлдү.

Ошону менен бирге, жогоруда аталган борборлордун жетекчилери менен жолугушуулар өткөрүлүп, анда Башкы консулдук менен бул мекемелердин өз ара аракеттенүүсү боюнча пикир алмашуулар болду.

Маалымат катары: Учурда Екатеринбург шаарындагы Борбордо КРдин 13 жараны жана Первоуральск шаарындагы борбордо КРдин 10 жараны РФтин аймагынан административдик түрдө чыгаруу үчүн соттун чечимдеринин күчүнө киришин күтүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK