КРдин Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн башчыларына ооз ачуу өткөрдү

2023-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн башчыларына ооз ачуу өткөрдү, ага Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилиги, православ жана католик конфессияларынын дин кызматкерлери да чакырылды. Ооз ачуу мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелген жума күнү өттү.

Министр Ж.Кулубаев иш-чаранын конокторуна чакыруусун кабыл алгандыктары үчүн ыраазычылык билдирип, чет элдик элчилерди жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бардык мусулмандар үчүн өзгөчө болгон Рамазан айы менен куттуктады.

Ж.Кулубаев ыйык ооз ачуу аземи орозонун ажырагыс бөлүгү катары ар түрдүү диндердин жана элдердин өкүлдөрүн бир дасторконго чогултуп, бириктирерин белгилеп, мындан ары да мамлекеттер ортосундагы достук, биримдик жана өз ара түшүнүшүү чыңдаларына ишенимин билдирди.

Өз кезегинде чакырылган коноктор Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрине жылуу кабыл алгандыгы жана жакшы каалоолору үчүн ыраазычылык билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK