Индонезиянын Президенти Джоко Видодо КР менен Индонезиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу Президент Садыр Жапаровго куттуктоо жолдоду

Индонезия Республикасынын Президенти Джоко Видодо Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду.

“Ушул маанилүү окуяга байланыштуу Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн жана элинин атынан 1993-жылдын 5-апрелинде түзүлгөн Индонезия Республикасы менен дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу ысык саламымды жана куттуктоомду билдиргим келет.

Акыркы отуз жылдын ичинде биздин эки өлкөнүн ортосундагы тыгыз мамиле конструктивдүү түрдө бекемделип келгенин белгилеп кетүүгө кубанычтамын. Ал мамиле азыр, жакынкы жылдарда, келечекте да өнүгө берерине толук ишенемин.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Индонезиянын эки тараптуу деңгээлде да, эл аралык форумдарда да ар түрдүү тармактарда кызматташуубузду бекемдөөгө умтулуусун дагы бир жолу ырастайм”, - деп айтылат жолдонгон катта.

Джоко Видодо Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине чың ден соолук, тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK