Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери Министрликтин аймагында кезектеги ишембилик уюштурушту

Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери Министрликтин аймагында кезектеги ишембилик уюштурушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө Тянь-Шань карагайынын 15 көчөтү КР ТИМдин аймагына отургузулду. Мындан сырткары түшкөн жалбырактар ​​алынып, тротуарлар тазаланып, бак-дарактар ​​акталды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK