КРдин Малайзиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Атай Наматбаев Индонезия Республикасынын Малайзиядагы элчисинин орун басары Хендра Искандер менен жолугушту

Мындан туура 30 жыл мурун, 1993-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасы менен Индонезия Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөн.

Бул маанилүү окуяга карата Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Атай Наматбаев Индонезия Республикасынын Малайзиядагы элчисинин орун басары Хендра Искандер менен жолугушуп, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун менен Индонезия Республикасынын Президенти Джоко Видодого жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин атынан Индонезиянын Тышкы иштер министри Ретно Марсудиге дарактелген куттуктоо каттары тапшырды.

Тараптар бири-бирин куттуктап, Кыргызстан менен Индонезиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү аракеттерин жогорулатуу зарылдыгын белгилешти.

Буга байланыштуу быйылкы жылы Бишкек жана Жакарта шаарларында эки тараптуу биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилип, ТИМ аралык консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүүнүн жана Экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-индонезиялык комиссиянын уюштуруунун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK